Атайын операцияга катышып соттолгон кыргызстандыкка РФ паспортун берүү каралууда

Буга чейин кыргызстандык Россиянын бийлигине кайрылып, ага жарандык берүүнү өтүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулуна РФ паспортун берүү маселеси боюнча иштеп жатат. Бул туурасында Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин RT телеканалы Украинадагы атайын операцияга өз ыктыяры менен катышкан кыргызстандык жаран Бишкекте 10 жылга эркинен ажыратылганын маалымдаган.
"Ооба, бизге ушундай кайрылуу келип түштү, маселе каралып жатат деп айта алам", — деди Захарова брифингде суроолорго жооп берип жатып.
Аскар Кубанычбек уулу 2023-жылдын январь айында атасынын ооруп калганын угуп Кыргызстанга келгенде атайын операцияга катышкан деп камакка алынган. Сотто ал согуш талаасына өз ыктыяры менен барганын, Россиянын жарандыгын алууну каалап жүргөнүн билдирген. Ага карата соттун өкүмү быйыл 16-майда чыккан.
Кыргызстандык Россиянын бийлигине кайрылып, ага жарандык берүүнү өтүнгөн. Бул нерсе келечекте аны РФке которууга, андан ары бошоого жардам берет деп үмүт кылууда.
Астанада кыргызстандыкты сабаган боксчу Шуменовго издөө жарыяланды