Садыр Жапаровдун жаңы Кыргызстанды курууга багыт берген китеби чыкты

Китептин нускасы 41 миң, эмгектин аймактык китепканаларга жана түрдүү мамлекеттик мекемелерге таратылып жатканы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты (идеологиясы)" деп аталган китеп жазып, ал басылып чыкты.
Китеп төрт бөлүмдөн турат. Биринчисинде Жапаров өлкөнүн бардык тургундарын жаңы Кыргызстанды биргеликте курууга чакырган. Экинчисинде өлкөнүн негизги идеологиялык багыттары тууралуу айтып берген. Үчүнчүсүндө кыргыз элинин каада-салты жана маданиятын сүрөттөп, идеологияны жаңыртуу зарылчылыгына токтолгон. Төртүнчү бөлүмүндө жыйынтыктоочу сөзү жазылып, бир муштумга бириксек гана күчтүү Кыргызстанды курабыз деген ой берилген.
"Эгемендикти алган алгачкы жылдардан баштап эле улуттун жана мамлекеттин максаттуу өсүп-өнүгүүсүн көрсөткөн идеологиясынын жок болуп жатканы жөнүндө байма-бай сөз болуп келген. Улуттун жана мамлекеттин багыттуу жолун аныктаган, терең мааниге ээ бул эмгектин окурмандарга сунушталышы менен ошол кемчилик толукталды демекчибиз. "Жаңы Кыргызстанды куруу багыты" китебинин жарыяланышы эгемен элибиз өзгөрүүлөрдү эңсеп турган учурга дал келди деп эсептейбиз", — деп жазылган аннотациясында.
Китеп 41 миң даана нуска менен басып чыгарылган. Анын аймактык китепканаларга жана түрдүү мамлекеттик мекемелерге таратылып жатканы белгилүү болду. Социалдык тармактан бир нече райондун китепканалары президенттин эмгеги келип түшкөнүн жарыялап, келип окуп кетүүгө чакырып жатканын көрүүгө болот. Бул — Садыр Жапаровдун экинчи китеби, 2015-жылы "Саясаттагы 10 жыл" аттуу эмгегин чыгарган болчу.
С. Жапаров бокс боюнча дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээсине батир тартуулады