Кышында жарыксыз калбоого камылга. Ош мэриясы элге кайрылды

Мэрияда даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы быйылкы кышта электр энергиясына өтө көп күч келген учурда чектөө киргизилиши мүмкүн экенин эскертти.
Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, 2023-2024-жылдардын жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өткөн. Анда энергетиктер, коммуналдык кызматтардын жетекчилери камылга тууралуу маалымат берген. Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев көп кабатту үйлөрдү кышка даярдоо зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө тапшырма берген.
"Электр энергиясын колдонууда кылдат мамиле кылуу, жылуулук үчүн альтернативдүү энергия булактарын (көмүр) пайдалануу зарылчылыгы белгиленди. Эскерте кетсек, энергия менен камсыз кылуучу ишканалардын маалыматы боюнча, кыш мезгилинде өтө көп күч келген учурда электр энергиясына чектөө киргизилиши мүмкүн", — деп жазды маалымат кызматы.
Сарсанаа болбогула, кыштан көйгөйсүз чыгабыз. Жапаров электр энергиясы тууралуу