Кыргызстанда өндүрүлгөн 140тан ашык товар Кытайдагы көргөзмөгө коюлат

ЭКСПОго Евразия чөлкөмүнүн 32 өлкөсүнөн 3 миңден ашык ишкананын катышуусу күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын 17-21-август күндөрү Кытайдын Үрүмчү шаарында өтө турган "ЭКСПО: товарлар жана соода — 2023" Кытай — Евразия көргөзмөсүнө даярданууда. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, улуттук көргөзмө павильонун уюштуруу ата мекендик продукцияларды Кытайда жайылтууга багытталган, анда Кыргызстандын 30 айыл чарба, тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканаларынан, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдөн 140тан ашык продукция коюлат. Өлкө атынан 80ден ашык бизнес-өкүлдөрүнүн катышуусу пландаштырылууда.
Иш-чарада энергетика, туризм тармагындагы келечектүү инвестициялык долбоорлор, экспортко багытталган улуттук компаниялардын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлөт. Кыргызстандын продукциясын импорттоо боюнча келишим түзүүгө кызыкдар Кытайдын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө ар тараптуу консультациялык колдоо болот.
Мындан сырткары, кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү пландалып, ага коңшу өлкөнүн мамлекеттик жогорку даражалуу өкүлдөрү жана ишкерлер катышат. Бул күндөрү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да СУАРга иш сапары менен барат.
Аталган ЭКСПОго Евразия чөлкөмүнүн 32 өлкөсүнөн 3 миңден ашык ишкананын катышуусу күтүлүүдө.
Кытай дарыгерлери көзгө бекер жасачу операция боюнча кайда кайрылса болот? Дареги