Москвадагы "Кыргызстан" соода-көргөзмө борбору калыбына келтирилип жатат. Видео

Бул имарат 2016-жылдан бери кароосуз калганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Москва шаарындагы "Кыргызстан" соода-көргөзмө борбору оңдолууда, жакында колдонууга берилет. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
ВДНХда жайгашкан көргөзмө борборунун имараты толугу менен оңдолуп жатат. Бул жерде мурдагы союздаш өлкөлөргө таандык павильондор бар.
"Кыргызстандан башкасы качан эле оңдоп, ар бир мамлекет өздөрүнүн улуттук-маданий борборуна айлантып алышкан. Мындан бир топ жыл мурда бул соода-көргөзмө борборун кыргызстандык ишкерлер инвестиция салып оңдоп, кызмат көрсөтүүчү маданий жайга айланткан. Тилекке каршы, 2016-жылы инвестор менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда ажырым болуп, кайрадан талкаланып, ушул кезге чейин кароосуз турган. Президенттин тапшырмасы менен кайрадан толук оңдолуп, колдонууга берилүү алдында турат. Борбор Москвада жүргөн мекендештерибиз чогулган маданий жайга айланат", — деп айтылат маалыматта.
Имаратты президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кыргыздипсервис" ишканасы тейлейт.
Садыр Жапаров Оштогу стадиондун оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты