Өлкөдө жыл башынан бери 19 миң жубай баш кошуп, 6 миңдейи ажырашкан

Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу төрөлгөн балдардын саны 5 807ге азайган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Санарип өнүктүрүү министрлиги январь-июнь айларына карата жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, быйыл өткөн жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу төрөлгөн балдардын саны 5 807ге азайган. Ал эми үй-бүлөдө дээрлик ар бир төртүнчү жубай эки ача жолго түшкөнү көрсөтүлгөн.
Үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айына карата маалымат, кашаанын ичинде 2022-жылдын ушул мезгили көрсөтүлгөн:
жаңы төрөлгөн ымыркайлар — 66 212 (72 019);
каза болгондор — 15 087 (16 432);
нике күбөлүгүн алган жубайлар — 19 347 (22 034);
ажырашкан жубайлар — 5 814 (6 067);
ID паспорт алгандар — 300 628 (263 922)
жалпы жарандык паспорт алгандар — 274 168 (257 613)
аты-жөнүн өзгөрткөндөр — 8 570 (10 606).
Кыргызстанда 1 млн. 330 миң жубай бар. Статистика