3-августка карата аба ырайы

3-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бейшембиде республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +33...+38, Талас жергесинде +30...+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл өрөөнүндө +26...+31, ал эми Нарында +27...+32 градус ысыйт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +36...+38, Ошто +37...+39, ал эми Чолпон-Атада +26...+28 градуска жетет.
Кышында жарыксыз калбоого камылга. Ош мэриясы элге кайрылды