Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына Россиядан жардам келди

Калктын социалдык жактан аялуу катмарына 877,5 тонна байытылган ун жана 121,44 тонна күн карама майы таратылмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы муктаж үй-бүлөлөр үчүн Россиядан жардам иретинде азык-түлүк келгенин РФтин Ош шаарындагы илим жана маданият борбору (Русский дом) кабарлады.
1 / 3

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы муктаж үй-бүлөлөр үчүн Россиядан жардам иретинде азык-түлүк келгенин РФтин Ош шаарындагы илим жана маданият борбору (Русский дом) кабарлады

2 / 3

Калктын социалдык жактан аялуу катмарына 877,5 тонна байытылган ун жана 121,44 тонна күн карама майы таратылмакчы

3 / 3

Бул РФ менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын биргелешкен долбоорунун алкагында көрсөтүлгөн көмөк болуп саналат

Калктын социалдык жактан аялуу катмарына 877,5 тонна байытылган ун жана 121,44 тонна күн карама майы таратылмакчы. Бул РФ менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын биргелешкен долбоорунун алкагында көрсөтүлгөн көмөк болуп саналат.
"Аталган долбоордун жардамы менен Кыргызстандын түштүгүндө 118 402 окуучуга ысык тамак берилүүдө. Мындан тышкары, 423 мектептин ашканасы оңдолуп, жабдылды", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага Россиянын Оштогу Башкы консулдугунун, РФтин Ош шаарындагы илим жана маданият борборунун кызматкерлери, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү, Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин адистери катышты.
Россия БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы эң ири донору болуп саналат. Акыркы 10 жылдын ичинде РФ өкмөтү Кыргызстандын жарандарына өнүгүү жана социалдык коргоо жаатында ар кандай деңгээлде колдоо көрсөтүп келет.
Россия Кыргызстанга жардам катары 1 200 тонна ун, 180 тонна май берди. Видео