Өкмөт унаа сатып алууда ОСАГОну милдеттүү түрдө киргизүүнү сунуштады

Бийлик элдин камсыздандыруу полисин алуусуна кыйыр таасир этүүгө ниеттенип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Автоунааны кайра каттап жатканда Автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин алуу нормасын киргизүү сунушталды. Мындай демилгени Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы иштеп чыгып, министрлер кабинетине токтом долбоорун даярдаган.
"Бул аракет автоунаасына камсыздандыруу полисин алгандардын санын көбөйтүүгө өбөлгө болору белгиленген. Учурда камсыздандыруу кенен жайылган эмес. Полис алуу транспорт ээлеринин жол кырсыгынан тарткан чыгымдарын жаап берет. Анын ичинде унааны оңдоого же үчүнчү тараптыкын калыбына келтирүүгө чамасы жетпеген жарандарды социалдык жактан коргоону камсыздайт", — деп жазылган долбоордо.
Мындан улам Финкөзөмөл ОСАГО камсыздандыруу полисин алуунун кыйыр механизмдерин колдонууну сунуштап жатат. Эгер аталган норма кабыл алынып калса, автоунаасын сатып жаткан жаран жаңы ээсине өткөрүп берерден мурун камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирилет.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда көп жылдан бери ОСАГОну милдеттүү түрдө киргизүү аракети жасалууда, бирок мөөнөтү кайра-кайра жылдырылып келет. Быйыл жазда 2024-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү түрдө киргизилери айтылган.
Унаа терезелерин караңгылатуу акысын утурумдук азайтуу сунушталды. Жаңы баалар