БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүндөн баштап 7-августка чейин "Иште эне сүтүн эмизүүгө шарт түзөлү" аттуу бала эмизүү жумалыгы өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Мындай иш-чара ымыркайды эмизүүнү коргоо жана колдоо максатында Саламаттык сактоо министрлигинин, ЮНИСЕФтин жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун демилгеси менен өтүп жатат.
"Эне сүтү ымыркайлар үчүн эң жакшы тамактануу гана эмес, ооруну алдын алуунун күчтүү жолу экени белгиленет. Эмизүүдө балдар эле пайда көрбөйт, өсүп келе жаткан муундун ден соолугун чыңдоого кеткен чыгымдарды азайтууга жардам берип, аялдарды энелик бездин рагынан коргойт. Акциянын максаты — эне сүтү балдарды көптөгөн оорулардан сактай аларын жалпы элге түшүндүрүү. Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы иш берүүчүлөрдү энелердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана эмизүү үчүн шарттарды түзүүгө чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми "Иште эне сүтүн эмизүүгө шарт түзөлү" аттуу чакырыкты коомчулукка туура жана так жеткирүү үчүн 2-август күнү маалымат жыйын өткөрүлөт. Журналисттер менен болгон жолугушууда эмизүү эне-баланын ден соолугунун ачкычы экени айтылып, эненин сүтүндө майдын, канттын жана белоктун өлчөмү тууралуу маалымат берилери белгиленди.
Маалымат жыйынга саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков, Дары-дармек саясаты жана медициналык жардамды уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Жылдыз Артыкбаева, медицина илимдеринин доктору Турсун Мамырбаева жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Кыргызстандагы өкүлү Доктор Ливиу Ведраско катышат.