БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швециянын мамлекеттик органдарын Куранды өрттөө боюнча акциясына жол бербөөгө чакырды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн Кулубаев швед тараптын демилгеси менен өлкөнүн тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда тараптар эки жана көп тараптуу форматта кызматташуу маселелерин талкуулап, саясий байланыштарды улантуунун жана ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешкен.
"Тобиас Билльстрём ыйык Куран китебинин көчүрмөсүнүн өрттөлүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кыскача маалымат берип, бул маселе тууралуу Швеция өкмөтүнүн позициясын белгиледи. Өз кезегинде министр Кулубаев Швециянын расмий органдары элдин диний сезимдерине таасир эткен мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча чараларды көрүшү керек деген пикирин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Курман айтта Стокгольм шаарында Куранды өрттөп, шылдыңдоо фактысы дүйнөдөгү көп өлкөлөрдө нааразы пикирлерди жаратты. Ирак сот жообу боюнча айтып, Швеция бийлигинен аталган акцияны жасаган иммигрантты кайтарып берүүнү суранган. Бир нече ирактык Багдадда аталган мамлекеттин элчилигинин жанына чогулду. Куран өрттөлгөн бул жосунду Алжир, Афганстан, Египет, Индонезия, Ливан, Сирия, Түркия, Өзбекстан, Араб мамлекеттеринин лигасынын башкы катчысы Ахмед Абуль Гейт, Перс булуңундагы Араб мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин башкы катчысы Жасем аль-Будайве сындады. Иордания менен Бириккен Араб Эмирлигинин Тышкы иштер министрликтери Швециянын элчисин нааразылык нотасын тапшыруу үчүн чакырышкан.
Россия ТИМи бул окуяны жасагандар жазасыз калышы алдын ала айтууга болбогон кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин, дүйнө коомчулугу мындай кадамдарга каршы турушу керектигин билдирген.
Россия президенти Владимир Путин Дербенттеги Жума мечитке барган учурунда РФте Куранды сыйлабагандык башка мамлекеттерге салыштырмалуу кылмыш болуп саналарын айткан. Ал Россия Куранга карата мыйзам эрежелерин ар дайым сактап келерин белгилеген.