Кыргызстандын минералдык сууларынын экспорту 4 эсе өстү. Алган өлкөлөр

Былтыр беш айда 300 литрдей эле минералдык суу сатылган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстандан үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында 1 127,1 тонна кантсыз минералдык суу экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Сатылган товардын жалпы суммасы 291,2 миң долларды түзөт.
Сатып алган өлкөлөр:
Казакстан — 845 632 литр;
Өзбекстан — 231 525;
Россия — 47 930;
Аты аталбаган өлкөлөр — 1 332;
Түштүк Корея — 560;
Катар — 160;
Ирландия — 0,7 литр.
Былтыр беш айда минералдык суу алда канча аз экспорттолгон, тагыраагы, 300 миң литрге чукул болчу. Ал эми быйыл Казакстан менен Өзбекстанга көп сатылганы байкалат, буга экспорттун жалпы көлөмү өсүп жатканы негиз болгону айтылды.
Кыргызстан сыраны чет өлкөгө 11 эсеге көп сата баштады