70 жаштан өткөндөр үчүн медициналык акысыз кызматтар. Тизме

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан акысыз кызматтарды алуу үчүн пенсионер жашаган аймагы боюнча катталган бейтапканага барышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 70 жаштан өткөн пенсионерлерге Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз көрсөтүлгөн кызматтарды тизмектеди:
адистин кабыл алуусу жана кеңеши;
эмдөө;
ийне сайдыруу (дары жана шприц үчүн акы төлөнөт);
канга, заарага анализ жасоо, кандагы кант жана холестериндин деңгээлин аныктоо, электрокардиография жана башка базалык анализдер;
реабилитациялык жана физиотерапиялык жардам;
күндүзгү стационардык кызматтарды да акысыз ала алышат, бирок дары каражаттары жана шприцтер үчүн акы төлөнөт.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан жогорудагыдай кызматтарды алуу үчүн пенсионер жашаган аймагы боюнча катталган бейтапканага барышы керек.
Суроолор болсо Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113 кыска номерине чалууга болот.
Пенсия 1-октябрдан тарта көтөрүлмөкчү. Соцфонд канча кошуларын айтты