БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районунда "Жибек Жолу" бут кийим чыгаруучу жоопкерчилиги чектелген ишкана ачылганын аймактык кабарчы президенттин аталган дубан боюнча өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматына таянып билдирди.
Кытай инвесторлорун тартуу аракети менен ачылган ишканада учурда 63 жумуш орду түзүлүп, күнүнө 2000 даана спорттук бут кийимдер тигилүүдө. Ишкана болжол менен бир айда 60 миң, бир жылда 720 миң жуп бут кийим өндүрө алат. Мында иштегендердин 17си кытайлык чеберлер болсо, калган 46 жумушчу жергиликтүү тургундар.
Ишкана Нарын Эркин экономикалык аймагынын субъектиси. Кытай инвестору Тцаонун айтымында, ишкананы ачууга 2 миллион доллар түз инвестиция салынат. Оңдоп-түзөө жана товар жүгүртүү иштерине 500 миң доллар жумшалары пландалган. Сырьё Кытайдан алып келинип, Кыргызстанда тигилип, өндүрүлгөн продукция Россияга экспорттолот. Учурда бир линия иштеп жатса, ушул жылдын аягына чейин дагы үчөө ишке кирип, жумуш орундарын 2-3 эсеге көбөйтүү планы бар.
Маалымат кызматы жумушчуларга күнүнө 1000 сомдон айлык маяна, мындан сырткары, тамак-аш берилерин белгилеген. Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор райондук бөлүмүнүн башчысы Нурлан Абакиров билдиргендей, ишканадан айына болжол менен 150 миң сомдун тегерегинде киреше салыгы түшөт. Ошондой эле Социалдык фондго төлөмдөр төлөнөт.