Бишкекте "Золотой Дракон" рестораны айланасын тосуу үчүн тротуарды бузуп салган

Тротуарды кайра калыбына келтирүү милдеттендирилди.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Золотой Дракон" ресторанынын жанындагы муниципалдык жерди мыйзамсыз басып алганы аныкталып, алардын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Жерине вице-мэр Нурдан Орунтаев, "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын жетекчиси, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү барган.
1 / 3

Бишкек шаарындагы "Золотой Дракон" ресторанынын жанындагы муниципалдык жерди мыйзамсыз басып алганы аныкталып, алардын ишине бөгөт коюлду

2 / 3

Жерине вице-мэр Нурдан Орунтаев, "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын жетекчиси, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү барган

3 / 3

Октябрь райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин жана Жазык-процесстик кодексинин чегинде кылмыш ишин козгоо, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө маселени карап чыгары белгиленди

"SAN and COMPANY менчик компаниянын жер тилкесинин ижарачылары муниципалдык аймакка чыгып, тротуарга чуңкур казып салышкан. Жолугушуунун жыйынтыгында эреже бузгандарга тротуарды кайра калыбына келтирүү милдеттендирилди. Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти жер участогун ижарага берүү келишимин бузууга милдеттүү. "Бишкек башкы архитектура" тарабынан бардык уруксат кагаздары жокко чыгарылды", — деп айтылат маалыматта.
Октябрь райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин жана Жазык-процесстик кодексинин чегинде кылмыш ишин козгоо, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө маселени карап чыгары белгиленди.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда биринчи болуп лицензия берилген казино дал ушул даректеги "Золотой Дракон" ресторанында жайгашкан.
Жал кичи районундагы "Шашлычная №1" кафеси буздурулат