Индияда кран кишилерге кулап, кеминде 16 адам өлдү. Видео

Полициянын берген маалыматына караганда, дагы беш жумушчу кулаган крандын сыныктарынын алдында жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Индиянын Махараштра штатындагы тез жүрүүчү поезд каттай турган магистралды куруп жаткан учурда кран кулап, анын кесепетинен кеминде 16 киши көз жумуп, үчөө жаракат алган. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү телеканалга шилтеме кылып кабарлады.
Кырсык куруучулар аталган техника менен ири болот устундарды бир жерден экинчи жерге жылдырып жатканда болгон. Полиция дагы беш жумушчу кулаган крандын сыныктарынын алдында жатканын билдирди.
Полиция, өрт өчүрүүчүлөр жана башка ыкчам кызматтар учурда куткаруу иштеринде жүрөт. Бийлик күч түзүмдөрүнөн окуянын эмнеден келип чыккандыгын териштирип, иликтеп берүүнү талап кылды.
Индияда мыйзамсыз курулган 103 метрлик эки имаратты жардырышты. Видео