Кыргызстанга инфляция сырттан импорттолуп келип, баанын өсүшүн шарттоодо. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкө импорттон кыйла көз каранды болуп саналат.
"Баалардын жана импорттун өсүшү ИДПнын жогорулашына таасирин тийгизүүдө. Анткени реэкспорт жасалып жатат. Экономикада өндүрүшкө карап баа берилет. Жалаң импорт, экспорт аркылуу соода менен алектенген өлкөнүн экономикасы туруксуз болуп саналат. Ошого карабастан натыйжалуу аракеттер байкалууда. Алсак, БУУнун көп тармактуу изилдөөсүнүн натыйжасындагы доклады боюнча өлкө экономикасында жылыш бар. Бул туруктуу өнүгүүнүн жолуна түшүп, жумушсуздук, социалдык камсыздоо жана башка бир катар тармакта абал жакшырганынан кабар берет. Ал эми баалардын көтөрүлүшү боюнча айта турган болсок, өлкө негизинен импорттон көз каранды. Дүйнөдө кризистен улам энергоресурстарга баа көтөрүлүп, ал башка продукциялардын наркына терс таасирин тийгизүүдө. Натыйжада Кыргызстанга инфляция сырттан импорттолуп келип жатат. Бирок 2020-жылга салыштырмалуу инфляция турукташып калды", — деди Акимова.
Ошондой эле ал электр энергиясынын тартыштыгы инвестициялык климатка кедергисин тийгизерин кошумчалады.