Бишкекте "Орто Азия романсиадасы" өтөт. Министрлик жаш аткаруучуларды чакырды

Катышуучулардын курагы 6дан 35 жашка чейин болушу шарт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрында Бишкекте "Орто Азия романсиадасы" орус романсынын жаш аткаруучуларынын эл аралык сынагы өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Аталган конкурс Россиянын "Романсиада-2023" жаш аткаруучулардын XXVII эл аралык сынагынын программасына киргизилген. Жеңүүчүлөр декабрь айында Москвада өтө турган "Романсиаданын" финалына катышат.
Сынакка Борбордук Азия өлкөлөрүнөн университеттердин, атайын орто окуу жайлардын жана музыкалык окуу жайлардын студенттери жана орус романтикасын сүйүүчүлөр чакырылат. Катышуучулардын курагы 6дан 35 жашка чейин болушу шарт.
Конкурс жөнүндө жобо жана катышуу үчүн арызды шилтемеси аркылуу жөнөтсө болот.
Сынак Кыргызстандын Маданият министрлиги, Бишкектеги "Русский дом", "Романсиада" кайрымдуулук фонду, Россиянын Чет элдик мурастар фондунун жана Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын колдоосу менен өтөт. Башкы медиаөнөктөшү — "Sputnik Кыргызстан" маалымат агенттиги.
Астанада Манастын айкелин орнотууга 25 млн. сомдук тендер жарыяланды. Эскиз