Бишкекте 20-августтан тарта коомдук транспортто жол кире накталай алынбайт

Саамалык автобус менен троллейбустарга гана тиешелүү.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. 20-августтан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда накталай төлөмдөр алып салынарын мэрия билдирди.
Жол кирени эми төмөнкүдөй жол менен төлөөгө болот:
үч категориядагы "Тулпар" транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ карталары;
виртуалдуу NFC картасы;
"Тулпар" жана Balance, Mbank, Megapay тиркемесинде QR сканерлөө;
"Тулпар" тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.
Стандарт көк карталарды "Кыргыз почтасынын" бөлүмдөрүнөн жана "О!", Mega, Beeline уюлдук операторлорунун кеңселеринен 50 сомго сатып алууга болот. Мындан тышкары, автобус менен троллейбус айдоочуларынан 30 сомго сатып алуу мүмкүн.
Мэрия Бишкекке заманбап базар курууга өнөктөш издеп жатат