БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Астанада бала көтөргөн кыргызстандыкты сабады делген бокс боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Бейбут Шуменовду коё берип жиберген бир катар полиция кызматкерлери жазаланганын Sputnik Казакстан жазды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Астана полициясынын райондук башкармалыгынын начальнигинин орун басары жана аймактык инспектор иштен четтетилди. Район башкармалыгынын жетекчисине сөгүш жарыяланып, нөөмөттөгү инспекторго эскертүү берилди.
Чоо-жайы
Окуя 18-июнь күнү болгон. Бирок коомчулук интернетке жарыялангандан кийин, июлдун орто ченинде билди. Кадрда мушкер бала көтөргөн эркек кишиге келип сүйлөп, алка-жакадан алганын көрүүгө болот. Андан кийин экөө мушташып кеткен.
Чатак болгон жерге келген полиция кызматкерлери Шуменовдун аракетинен кылмыштын белгилерин көрө алган эмес. Казакстан ИИМинин жетекчисинин орун басары окуядан бала жабыркабаганын билдирген. Кийинчерээк бейбаштык боюнча иш козголуп, окуяны бас-бас кылмак болгон аймактык тескөөчүгө карата кызматтык иликтөө башталган. ЖМКлардын маалыматы боюнча, чырга оюн аянтчасындагы балдардын талашы себеп болгон.
Кырдаалга Казакстандын балдар омбудсмени Динара Закиева көңүл буруп, Шуменов өз жүрүм-туруму менен атасы көтөрүп турган баланын ден соолугуна жана өмүрүнө кооптуулук жаратканын белгилеген. Андан кийин Шуменовго издөө жарыяланган.