Алматыда көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, эне-бала терезеден секирди. Видео

Тилсиз жоодон жаракат алган 31 адам ооруканага жеткирилди, анын 16сы балдар.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Алматыдагы көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, жашоочулар балдарын терезеден ыргытып, артынан өздөрү да секиришти. Аталган видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Секиргендерди алдыда чогулган эл матрацтар менен тосуп алып жатканын көрүүгө болот.
Sputnik Казакстан агенттиги турак жайдын лифтинин 5-6-кабатынын ортосунда электр зымдары күйүп, жалын тутанганын билдирди.
Күбөлөрдүн айтымында, люктар жабылып калганына байланыштуу өрт өчүрүүчүлөр эвакуациялык шатыларды колдоно алган эмес. Секирип түшкөндөрдүн көбү аялдар менен жаш балдар болгон.
Өрт өчүрүүчүлөр өйдөкү кабаттагы 300дөй тургунду эвакуациялап, 70ке чукул адамды куткарган. Тилсиз жоодон жаракат алган 31 адам ооруканага жеткирилди, анын 16сы балдар. Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы каза болгондор жок экенин айткан.
Окуя бүгүн Алматы шаарынын Аккент кичи районунда болду. Саат 18:46да өрт өчүрүлгөнү кабарланды.
Индияда кран кишилерге кулап, кеминде 16 адам өлдү. Видео