Доор үнү. Согуш учурунда жазылган күндөлүк 13 жаштагы ээси Аннанын атагын чыгарды

Күндөлүк мындан 76 жыл мурун көпчүлүккө белгилүү болуп, дүйнөнүн 67 тилине которулган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда 13 жаштагы Анна Франктын үй-бүлөсү менен эки жыл бою нацисттер басып алган Амстердамда жашырынып жашаган мезгилин баяндаган күндөлүгү ага атак-даңк алып келген. Окуяны Sputnik Ближнее Зарубежье каналы эскерди.
Доордун ачуу үнүн баяндаган бул күндөлүк 1947-жылы басылып чыгып, дүйнөнүн 67 тилине которулган. Мындан сырткары, ЮНЕСКОнун объектиси деп жарыяланып, Экинчи дүйнөлүк согуштун белгилүү документтеринин бири деп саналат.
Жарыкка чыгар алдында Отто Франк күндөлүктөн энеси тууралуу айтылган жагымсыз пикирлерди жана жыныстык карым-катнашка байланышкан жерлерин алып салган.
Немец тилине которгон котормочу немец эли тууралуу жазылгандарды кошпой койгон.
Кийинки жылдары Анна Франктын баяны улам кыскарып, америкалаштырылып, жайкап, бурмаланып келсе, Холокостту тааныгысы келбегендер күндөлүктү согуштан кийин ойдон чыгарылган окуя катары көрсөтүүгө аракет кылышкан.
1998-жылы гана Амстердамдын соту Анна Франктын күндөлүгүнүн аныктыгын танууга тыюу салып, бул үчүн айып пул бекиткен.
79 жыл мурда советтик аскерлер РСФСРдин райондорун немецтерден тазалаган. Видео