Жал кичи районундагы "Шашлычная №1" кафеси буздурулат

Коомдук тамактануу жайы Орунтаевдин катышуусунда бузулуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Бишкектин Жал кичи районундагы "Шашлычная №1" кафеси түрттүрүлүп жатат. Бул туурасында вице-мэр Нурдан Орунтаев билдирип, социалдык тармакка сүрөтүн жүктөдү.
Буга чейин мэриянын маалымат кызматы бүгүн саат 13:00дө аталган кафени бузуу иштери жүргүзүлөрүн кабарлаган. Мындай жумуштар Орунтаевдин жетекчилиги менен жасалары айтылган.

“Аталган объектини курууда көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталып, район тургундарынан даттануулар түшүп, алар чыр-чатак көп чыгарын айтышкан. Мындан улам комиссиянын чечими менен “Шашлычная №1” кафесинин жер тилкесине болгон ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылган”, — деп айтылат маалыматта.

Муниципалитет кафенин администрациясы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин алар өз ыктыяры менен бузуу милдетин алышканын билдирди.

Белгилей кетсек, "Шашлычная №1" май айында ызы-чуу менен жарым-жартылай түрттүрүлгөн "Батуми" кафесинин жанында жайгашкан.
Тротуарга чыгып кеткен транспорт министринин орун басарынын тосмосу буздурулду