Ошто үч облуска педагогдорду даярдаган университетке жаңы корпус курулуп жатат

Имаратта 54 окуу бөлмөсү, китепкана, ашкана, конференц-зал жана компьютердик класстар болот.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жаңы корпусунун курулушу менен таанышты. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жаңы корпусунун курулушу менен таанышты.

2 / 4

Беш кабаттуу жаңы окуу имаратынын курулушу 2021-жылдын ноябрында башталган, жалпы аянты 3,6 миң чарчы метрди түзөт.

3 / 4

Анда 54 окуу бөлмөсү, китепкана, ашкана, конференц-зал жана компьютердик класстар камтылган.

4 / 4

Жаңы имараттын долбоорунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана улгайгандар ЖОЖго тоскоолдуксуз кириши үчүн пандус жана лифт орнотуу каралган.

Беш кабаттуу жаңы окуу имаратынын курулушу 2021-жылдын ноябрында башталган, жалпы аянты 3,6 миң чарчы метрди түзөт. Анда 54 окуу бөлмөсү, китепкана, ашкана, конференц-зал жана компьютердик класстар камтылган. Жаңы имараттын долбоорунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана улгайгандар ЖОЖго тоскоолдуксуз кириши үчүн пандус жана лифт орнотуу каралган.
Бул университетте Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын студенттери үчүн педагогикалык адистик боюнча гана окутуу жүргүзүлөт.
Мамлекет башчы мугалимдик кесиптин өзгөчө ролун белгилеп, курулушту 2023-2024-жаңы окуу жылынын башталышына карата бүткөрүүнү тапшырган.
Садыр Жапаров Оштогу ипподром кандай оңдолуп жатканын көрдү