БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Россиялыктар барган сайын Египет менен Түркиядагы эс алуудан баш тартып, салыштырмалуу жаңы багыттарды, мисалы, Кыргызстанды тандап жатат. Бул тууралуу URA.RU жазды.
Россиялык туристтерди Кыргызстандын визасыз режими, ажайып жаратылышы, ыңгайлуу климаты, орус тилинин кеңири таралышы, жергиликтүү калктын меймандостугу өзүнө тартып жатканы белгиленген.
Мындан тышкары, Кыргызстанга барган турист сөзсүз түрдө Ысык-Көлдү көрө кетиши керектиги жазылган.
"Ысык-Көл тоолор менен курчалган. Туздуу көл менен тоолордон келген жел өзүнчө эле керемет. Мындай жер дүйнөнүн бир дагы жеринде жок", — деп сыпатталган материалда.
Эс алуу жайларындагы, санаторийлердеги баанын жеткиликтүүлүгү, рубль менен сомдун курсу дээрлик бирдей экени кошумчаланган.