Кыргызстанда Экологиялык курулуш кеңеши түзүлдү. Алдыда эл аралык еврокоддорду кабыл алып, глобалдык жашыл демилгелерге кошулуу максаты турат. Бул тууралуу Максат Амираев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан коӊшу мамлекеттерден "жашыл" курулуш жаатында иш жүзүндө алдыда.
"Имараттардын энергонатыйжалуулугунун жети классы (А, B, C, D, E, F, G) бар. Өкмөт 2012-жылы өлкөдөгү имараттардын энергонатыйжалуулугу B класста болсун деп токтом бекиткен. Жаӊы салынып же капиталдык ремонттон өткөн жайлар ушул талапка жооп бериши керек. 2022-жылы 27 энергоаудитор адисин даярдап, сертификат бердик. Алар үйлөрдү долбоор кезинен текшерип, курулуп бүткөнгө чейин көзөмөлдөп, талапка жооп берсе маркалайт. Азыр имараттардагы белги аркылуу эле кандай сапаттагы үй экенин билүүгө болот. Учурда Кыргызстанда абдан жакшы имараттар курулуп жатат. Учурда "жашыл", "экологиялык" деген түшүнүк тренд болуп, көз караштар өзгөрүүдө. Жаратылыштын ресурсун үнөмдөшүбүз зарыл. Кыргызстан коӊшу мамлекеттерден "жашыл" курулуш жаатында иш жүзүндө алдыда. Себеби биз биринчилерден болуп энергонатыйжалуулук тууралуу мыйзамды кабыл алганбыз. Бирок нормативдик жактан артта", — деди Амираев.
Ал "жашыл" курулуш имараттарда эле эмес, ландшафтта да сакталышы керектигин кошумчалады.