Радио

Спорт тармагына бөлүнгөн каражат 80%га көбөйдү

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов борбор калаадагы куруучулар поликлиникасы Спорт департаментине өтөрүн айтты.
Sputnik
Жылда спорт тармагына 950 миллион сом бөлүнүп келсе, 2023-жылга 1 миллиард 620 миллион сом каралды. Бул тууралуу Алтынбек Максутов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Министрдин айтымында, спортчуларга тамак-аш үчүн буга чейин күнүнө болгону 84 сомдон бөлүнүп келген.
"Быйыл спорт тармагына да жакшы көңүл бурулду. Бөлүнгөн каражат 80 пайызга көбөйүп, 1 миллиард 620 миллион сомго жетти. Албетте, көйгөйлөр көп, биз аларды четинен чечүүгө аракеттенип жатабыз. Чоң спорттук имарат курууга миллиарддаган каражат керек. Андыктан аны азыр дароо куруп салабыз деп айта албайм, бирок майдараак спорт комплекстерге басым жасалат. Ошону менен бирге эле мурда спортчулардын тамак-ашына күнүнө 84 сомдон гана бөлүнүп келсе, эми бул каражат бир нече эсеге жогорулайт. Ошону менен катар эле спорттук медицинага да көңүл бурулат. Куруучулар поликлиникасы Спорт департаментине берилип, ал жердеги адистер атайын окуудан өткөрүлүп, мындан ары спортчулар менен иштешет. Ошондой эле эмереги, керектүү жабдыгы жаңыланат. Бул үчүн 60 миллион сом каралууда", — деди Максутов.
Ал футбол талаасын жана ат майданын башка жакка которуп куруу боюнча инвесторлор изделип жатканын кошумчалады.