Кара-Сууда үч фабрикадан турган индустриалдык-логистикалык парк ишке кирет

Фабрикалардын алгачкысы быйыл иштеп баштаса, 2025-жылы баары толук кандуу пайдаланууга берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Кара-Суу районунда курулуп жаткан "ЕвроАзия ГРУПП" индустриалдык-логистикалык паркына барганын маалымат кызматы билдирди.
Анда мамлекет башчысына объектинин аянты беш гектарды түзөрүн маалымдашкан. Жер ички инвесторлорго колдоо көрсөтүү жана аймактардагы өндүрүштү өнүктүрүү максатында конкурстук негизде мамлекет тарабынан бөлүнгөн.
1 / 6

Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Кара-Суу районунда курулуп жаткан "ЕвроАзия ГРУПП" индустриалдык-логистикалык паркына барган

2 / 6

Анда мамлекет башчысына объектинин аянты беш гектарды түзөрүн маалымдашкан. Жер ички инвесторлорго колдоо көрсөтүү жана аймактардагы өндүрүштү өнүктүрүү максатында конкурстук негизде мамлекет тарабынан бөлүнгөн.

3 / 6

Долбоорго ылайык, объектинин аймагында трикотаж кийимдерин тигүү, трикотаж кездемесин токуп чыгаруу фабрикасы жана жип өндүрүү фабрикасы болуп үч өндүрүш иштемекчи.

4 / 6

Бүгүнкү күндө индустриалдык-логистикалык парктын курулушу 70 пайызга аяктап калды.

5 / 6

Үстүбүздөгү жылдын IV кварталында 800 жумуш орундуу жана өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 2,1 миллион даана кийим тигүүчү фабриканын ишке кириши күтүлүүдө.

6 / 6

Долбоор 2,6 миллион долларга бааланган, анын продукциясы негизинен экспортко багытталат.

Долбоорго ылайык, объектинин аймагында трикотаж кийимдерин тигүү, трикотаж кездемесин токуп чыгаруу фабрикасы жана жип өндүрүү фабрикасы болуп үч өндүрүш иштемекчи. Бүгүнкү күндө индустриалдык-логистикалык парктын курулушу 70 пайызга аяктап калды.
Үстүбүздөгү жылдын IV кварталында 800 жумуш орундуу жана өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 2,1 миллион даана кийим тигүүчү фабриканын ишке кириши күтүлүүдө. Долбоор 2,6 миллион долларга бааланган, анын продукциясы негизинен экспортко багытталат.
Ал эми кездеме чыгарган фабриканы 2024-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландаштырылган. Ишкана 300 адамды жумуш орду менен камсыздайт жана күнүнө 20 тоннага чейин кездеме чыгарат. Долбоорго салынган каражат 18 миллион доллар.
Өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 15 тоннага чейин жеткен жип ийрүүчү фабрика 2025-жылдын III кварталынан баштап иштей баштайт. Анда 150гө жакын адам эмгектенет. Долбоордун инвестициялык салымы 3,5 миллион доллар.
Жапаров долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышып, мамлекет ар дайым ак ниет ишкерлерге колдоо көрсөтүп, ишкерлерге, анын ичинен ички инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүүнү улантарын баса белгилеген. Аны менен катар жергиликтүү бийликке фабриканын өндүрүштүк муктаждыктары үчүн кошумча жер тилкесин бөлүп берүү маселесин карап чыгууну тапшырган.
Ошто үч облуска педагогдорду даярдаган университетке жаңы корпус курулуп жатат