Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецк украиналык аскерлердин аткылоосуна кабылып, төрт киши көз жумду. Видео

Таңдан тарта Украинанын Куралдуу күчтөрү калаага 30дан ашык ар кыл снаряддарды жаадырган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Донецк менен Горловкада украиналык аскерлердин аткылоосунан төрт киши каза таап, 10 киши жарадар болду. Бул туурасында РИА Новости Украинадагы аскердик кылмыштарга көзөмөл жүргүзүү жана ал маселени координациялоо боюнча биргелешкен борбордун өкүлчүлүгүнө таянып кабарлады.
"Саат 12ге карата республиканын Донецк шаарында, Ворошилов районундагы жай жарандар арасындагы жоготуулар боюнча маалымат түштү. Алдын ала берилген кабарда Челюскинцев көчөсүндө эки киши каза тапты. Дагы 10 адам жаракат алды. Куйбышев районундагы Террикон көчөсүндө бир аял көз жумду", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, Горловканы аткылоодо бир эркек киши каза тапкан. Донецк эртең менентен бери аткылоого алынган. Саат 06:15тен тарта Украинанын Куралдуу күчтөрү калаага 30дан ашык ар кыл снаряддарды жаадырган. Алардын ичинде реактивдүү залп менен атылуучу түрлөрү да бар.
Аткылоонун кесепетинен бир автобус жана жеңил эки машина күйүп кеткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ДЭР башчысы: Украина контрчабуулдун үчүнчү толкунун баштады