Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда сел жүрдү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Нөшөрдөн кийин Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда (Нарын облусундагы Шоопур-Булак аймагы, 256-чакырым) сел жүрдү. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Учурда ал жерде жол милициясы иштеп жатканы айтылды. Трасса ачылган, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы автотыгынга себепчи болбош үчүн айдоочулардан жолдо жүрүү эрежелерин сактоону суранды.
Нарында 16 үйдү суу каптады. Сестенткен селдин видеосу