Ысык-Көл менен Нарында айыл өкмөттөр ирилештирилип, 240 млн. сом үнөмдөлдү

Өкмөт башчы бардык аймактарда реформаны 1-ноябрга чейин бүткөрүү тапшырмасын берген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстандын эки аймагында айыл өкмөттөрдүн саны кыскарып, 240 миллион сом үнөмдөлдү. Тагыраагы, административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча пилоттук долбоор Ысык-Көл облусунун Түп районунда жана Нарын облусунда ишке ашырылган.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Атада административдик-аймактык реформаны талкуулоо боюнча облус башчылары жана район акимдери менен жыйын өткөргөн

2 / 3

Нарында 63 айыл өкмөт 27ге кыскарып 100 миллион сом жана Түптө 13 айыл өкмөт бешке чейин азайып 140 миллион сом үнөмдөлгөн.

3 / 3

Жыйында өкмөт башчы өлкөнүн бардык аймактарында административдик-аймактык реформаны жүргүзүп, 1-ноябрга чейин аяктоо тапшырмасын бергени айтылды.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, Акылбек Жапаров Чолпон-Атада административдик-аймактык реформаны талкуулоо боюнча облус башчылары жана район акимдери менен жыйын өткөргөн.
Нарында 63 айыл өкмөт 27ге кыскарып 100 миллион сом жана Түптө 13 айыл өкмөт бешке чейин азайып 140 миллион сом үнөмдөлгөн.
Жыйында өкмөт башчы өлкөнүн бардык аймактарында административдик-аймактык реформаны жүргүзүп, 1-ноябрга чейин аяктоо тапшырмасын бергени айтылды.
Көлдө шортычан жатканыңарды көрбөйүн! Ташиев министрлерге эс алууга тыюу салды