Украиналык дрондор Москвага кайрадан чабуул жасоого аракет кылды

Украина Москванын аймагына тез-тезден чабуул жасоого аракет кылып келет. Июлдун башында эле Москвада беш украиналык дрон жок кылынган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Киев режими бүгүн, жекшембиде, эртең менен Москвада үч учкучсуз аппараттын жардамы менен террордук чабуул уюштурууга аракет жасады. Дрондун бирөө абадан коргонуучу система менен атып түшүрүлдү. Дагы экөө радиоэлектрондук каражаттар менен иштен чыгарылды. Бул тууралуу РФтин Коргонуу министрлиги билдирди.
"30-июль күнү эртең менен Киев режиминин Москвадагы объектилерге дрондор менен террордук чабуул жасоо аракетине бөгөт коюлду", - деп айтылат маалыматта.
Учкучсуз учуучу аппараттын бирөө Москва облусундагы Одинцов районунда абадан коргонуучу системанын жардамы менен талкаланган. Дагы экөө радиоэлектрондук каражаттар менен иштен чыгарылган. Натыйжада алар башкарууну жоготуп "Москва-Сити" комплексинин аймагына кулаган.
Москва мэри Сергей Собянин чабуулдун натыйжасында комплекстин эки кеңсе мунарасынын фасады бир аз жабыркаганын билдирди. Тестов көчөсүндөгү кыймыл токтотулган.
Украина Москванын аймагына тез-тезден чабуул жасоого аракет кылып келет. Июлдун башында эле Москвада беш украиналык дрон жок кылынган. Ал эми бул жуманын башында россиялык радиоэлектрондук каражаттар эки дронду жок кылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина аскерлери Таганрогду модификацияланган С-200 ракетасы менен аткылады