Түркмөнстан БУУга Түрк тилдеринин дүйнөлүк күнүн негиздөөнү сунуштайт

Өлкөнүн тышкы иштер министри Рашид Мередов түркмөн өкмөтүнүн отурумунда БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясына Түркмөнстандын олуттуу даярдыктары тууралуу айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясында Түркмөнстан Түрк тилдеринин дүйнөлүк күнүн негиздөөнү сунуштайт. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү маалымат каражаттарына таянып жазды.
Анда белгиленгендей, ассамблеянын 78-сессиясы Нью-Йоркто 12-сентябрда башталат.
Өлкөнүн тышкы иштер министри Рашид Мередов түркмөн өкмөтүнүн отурумунда БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясына Түркмөнстандын олуттуу даярдыктары тууралуу айтып берген. Ал Ашхабад БУУнун Башкы ассамблеясына "Түрк тилдеринин дүйнөлүк күнү" резолюциясын кабыл алууну сунуштай турганын белгиледи.
Мередов мындан башка демилгелердин катарында – Борбор Азия жаштарынын диалогу форумун Түркмөнстанда өткөрүү, 2024-жылы ЮНЕСКО жана ТЮРКСОЙ уюмдары менен биргеликте түркмөн акыны Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына карата түрк тилдеринин эл аралык жумалыгын уюштуруу бар экендигин билдирди.
Түркмөнстан буга чейин БУУнун Башкы ассамблеясы кабыл алган бир катар резолюциялардын демилгечиси болгон. Анын ичинде, Ашхабаддын демилгеси менен Дүйнөлүк велосипед күнү, Туруктуу транспорттун дүйнөлүк күнү жана башкалар бар.
Кыргызстан менен БУУ биргелешкен пландарга 223 млн. доллар сарптайт