БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Түркиянын курорттук шаары Аланьяда казакстандык туристтер бара жаткан кичи автобус жол кырсыгына кабылды. Бул туурасында РИА Новости NTV телеканалына шилтеме берүү менен жазды.
Кырсыктын кесепетинен 12 адам жаракат алып, экөө көз жумган.
"Казакстандын жарандары отурган кичи автобус жол чырак турган жерде жүк ташуучу унааны сүзгөн. Окуя D-400 трассасынын Окурджалар айылында катталды", — деп билдирди телеканал.
Каза болгондордун бири түркиялык айдоочу, экинчиси гид — Украинанын жараны экени айтылды.
Жаракат алган 12 адамдын алтоонун абалы оор, баары Аланья жана Манавгата шаарларындагы ооруканаларга жаткырылган. Жүк ташуучу унаанын айдоочусун суракка алуу үчүн полиция бөлүмүнө алып келишкен.