Sputnik Кыргызстан агенттигинде улуу талант, Кыргыз эл артисти, төкмө акын, театр жана кино актёру, режиссёр Орозбек Кутманалиевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сүйлөштүк. Бизде залкар инсандын уулу Акматбек Орозбеков жана кызы Динар Кутманалиева болду.
— Орозбек Кутманалиев мыкты актёр болгону талашсыз. Баарлашууда инсандык сапаттарын да эскерсек...
Акматбек Орозбеков: — Атам жаратылышынан мыкты талант эле. Кандай жумуш болбосун жоопкерчилик менен аткарчу. Биз үчүн "ата" деген эле бир сөз жетиштүү.
© Фото / предоставлено Акматбеком Орозбековым
— Кыргызда "эл тамыры — жер тамыры" дейт эмепи. Агайдын бала чагы, ата-теги тууралуу да айтып берсеңиздер.
Динар Кутманалиева: — Атабыз Сокулук районунун Шалта айылынан болот. 1932-жылы туулгандыктан бала кези Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туура келип калган. Аталары согушка кеткендиктен оор түйшүк балдарга, аялдарга түшкөн эмеспи. Атабыз да апасы менен башкалардай эле тылда иштеген. Темир жол автобекетине буудай ташып, кайтып келе жатканда дайыма комузу жанында болчу экен. Өзү да "комуз менен төрөлгөм" деп калчу. Ыр-күүгө абдан жакын болгон. Туугандар арасындагы жакшылык, тойлордо "кана, Оке" дешсе эле ырдап кирчү. Чоң атабыз Кутманалы. Чоң апабыз Гүлсүн Жумгалдын катаган уруусунун кызы. Атамдын ырга жакын, таланттуу болгону да ошондон го деп ойлойм. Атабыздын дыйканчылыкка болгон жөндөмү чоң атабыздан жуккан. Кичинекей жер болсо да жер-жемиш айдап, гүл өстүрүп багбандык кылчу. Атам бир туугандарга күйүмдүү эле. Бөлүнбөйбүз, азыр да Орозбек менен иниси Рашбектин балдары жамандык, жакшылыкта биргебиз. Чоң апабыз "экөөңөрдүн энчиңерди бөлбөйм" деп коюптур. Карындашы да Чүйгө турмушка чыккан. Жээндерибиз менен да жакшы катташабыз.
© Фото / предоставлено Динарой Кутманалиевой
— Актерлук таланты кимден ооду экен?
Д.К. — "Жигитке жетимишке өнөр аздык кылат" дегендей, атам актёрлуктан тышкары, керемет добушу менен диктор дагы болгон. Мунун баары ген менен өтсө керек. Эпизоддук ролдордон тышкары эң алгач "Ак куулар конгон айдың көл" деген киного кокусунан эле тартылып калган. "Кыргызфильм" киностудиясына кадр артындагы тексттерди окуганы барса актёрлорду тандап жатышыптыр. Эки актёр мушташып жатканын көрүп "ой, булар эмнеге мушташып жатат" деп сураса, тигилер атабыздын келбетин, боюн көрүп сынамык иретинде тартып көрүшөт. Ошентип Мурат Мамбетов анын баласынын, Таттыбүбү Турсунбаева жубайынын ролун аткарган. Чыныгы актёр катары Болот Шамшиев тарбиялап өстүрдү. Атам дайыма "Шамшиевдин бир киносуна тартылганың — ВГИКти бүткөнүң" деп мактанып айтчу.
— Ал эми төкмөлүгүчү?
Д.К. — Төкмөлүк жагынан Ашыраалы Айталиевди устат катары эсептечү. Атама Эл артистин берерде да "ой, Ашыкем ала электе мен кантип алам" деген. Дайыма Айталиевдин ырларын ырдап, филармонияда Тууганбай Абдиев менен бирге чыгып калчу. Бир бригадада иштешкен. Айталиевге керек болсо үнү да окшошуп кетет.
— Жубайы менен кандайча таанышып калыптыр?
А.О.: — Беш бала бир энеденбиз. Апабыз Гүлнара Кутманалиева 1969-жылы сибирь жарасынан каза болуп калган. Экинчи апабыз Фатима Кутманалиева алтыны төрөгөн. Ошону менен жалпы 11 бир тууганбыз. Баарыбыз катышабыз.
Д.К.: — Апабыз каза болгондон кийин атам беш баланы кимге таштаарын билбей Турсун Уралиевдин чакыруусу менен "Кыргыз радиосуна" кирип иштеп калган. Анткени гастролго чыкса балдарды кимге таштамак эле. Атам режиссёр болуп иштеп, колунда Фатима аттуу кыз эмгектенет. Атам ошондо эң кичүүбүз Чынара аттуу сиңдимди жетелеп жүрөт. "Фатима, сен кызды карай бер. Мен өзүмдүн, анан сенин ишиңди да жасап коём" дейт. Чынара Фатима апабызды "мама" деп алат. Ошентип атабызга экинчи жубайды Чынара тандап берген. Апабыз көп жыл радио тармагында иштеди. Азыр неберелери менен үйдө.
— Жумушта болгон кызыктуу учурлардан айтып калчу беле?
А.О.: — Атам университетке экзамен тапшырарда карама-каршысында турган кафеге кире калып борщ алып отурса, сырттан кирген эки-үч адам "сен, баланы кыйнайсың, чалды урасың ээ" деп туруп тамагын костюмуна төгүп жиберет. Кафеде отурган университеттин бир мугалими чуркап келип ортого түшүп, тигилерге түшүндүрүп, анан экзаменге кириптир. Беркилер да кечирим сурап, ак көйнөк алып беришкен экен.
© Фото / Александр Федоров
— Чыгармачылык жол абдан татаал дешет. Жубайы да каза болуп калыптыр. Ушунун баарын, кыйналганын силерге билгиздиби?
Д.К.: — Биздин атабыз абдан эмгекчил болчу. Жашоодо ар кандай кыйынчылыктар болот. Бирок көйгөйлөрү тууралуу айтчу эмес. 11 баланы багып-чоңойтуу оңой эмес да. Эртең менен радиого, анан дубляжга барып кечке иштеп, үйгө түндө келчү. Кээ бирлер "ал кечке жумушта болсо, силерди кантип тарбиялады" деп сурашат. Ал киши өзүнүн эмгекчилдиги, жүрүш-турушу менен бизге үлгү болду. Улуу-кичүүгө болгон сый мамилесин көрүп өстүк.
А.О.: — Айылга барганда да эртең менен эрте туруп чапса чөп жумшагыраак болорун айтып, бизди алдыга салып алып үйрөтчү. Чын эле атабызды көп көрчү эмеспиз. Телевизордон көрүп калсак көчөгө чыгып алып мактанчубуз.
Д.К.: — Биз шаарда чоңойдук. Айылда иниси Рашбек жашачу. Дем алыш күндөрү айылга барып чарба иштерин жасачубуз.
— Мүнөзү кандай эле?
А.О.: — Атам спортко жакын болчу. Бильярдды, футболду жакшы ойночу, бокска барчу. Дем алыш күндөрү манты жасап калсак жардамдашат эле. Ошол кезде уруубуз, айылыбыз жөнүндө баарын айтып берчү. Комузун алып ырдап, конок келсе балдарын кошо отургузчу. Шаардагы көп балалуу үй-бүлөлөрдөн экенине сыймыктанчу. Кесип тандаганда ар бирибиздин оюбузду угуп, кеңешип, өзүнүкүн таңуулаган эмес. Фатима апабыз өзүнөн бир топ жаш кичүү, ал кишиге да акылын айтып, жубай катары жакшы карачу. Бизди да урушчу эмес. Атам чөбөрө да көрүп калды. Абдан баласаак, мээримдүү болчу. Шаарга келгендердин баары биздин үйгө келчү. Балдарды кайда таштаарыбызды билбей калганда үйгө келип, акырын эшикти ачып киргизип, качып кетчүбүз. Багып беришчү.
Д.К.: — Атам юморго абдан жакын эле. Назира Мамбетовалар да көп тамашаларын айтып калышат.
А.О.: — Болот Шамшиев "Орозбек байке барда киного тартуу иши жеңил өтөт" деп калчу. Анткени кээде аба ырайы болбой ар кандай жагдай жаралат. Ошондо "артисттер эрикпесин" деп ырдап, дастан айтып, төгүп турчу экен. Комузу дайыма жанында жүрчү да. Студент кезде практикага айылдарга жибергенде кайсы айылга барарымды сурап, 20 жыл мурунку кишилерди, алардын минген атынан бери айтып коёр эле.
© Фото / Александр Федоров
Д.К.: — Атабыздын эске тутуму ушунчалык күчтүү болчу. "Чыңгыз хан" фильмин тартканда массовкадагылардын баарынын аты-жөнүн, телефон номерлерин жатка билчү. "Эртең саат баланчада келгиле" деп ар бирине чалып эскертет. Чоң дастандарды да жаттап, кагаз карабай шар эле айтчу. Атам өзү обонун, сөзүн жазган ырлары да арбын. Зайнидин Иманалиевдин жакшы бир ырына сөз жазып берген.
— Сиздерге кайсы ролу көбүрөөк жакын?
А.О. — Атамдын ролдорунун ичинен Орозкул шедевр. Бардык ролунда дубляжын өзү окуган, үнү дароо таанылат. Жакпаган ролу жок. Ал кишиге режиссёр кандай көрсөтмө берсе, ошондой ойночу да. Орозкулду ойногон учурда 7 баланын атасы эле. Анан ушундай каарманды жаратуу өзүнө деле оңой болгон эмес. Артисттер деле оң каарманды аткаруу оңой, бирок терс каарманды жаратуу кыйын экенин айтышат. Атам "Фудзиямадагы кадыр түн" фильминдеги каарманына өзүн окшоштурган.
— Бир ролду жаратууга канча убакыт даярданчу эле?
Д.К.: — Биз ошол жакта эле жүргөнбүз. "Ак кеме" фильми тартылган жердеги токойчунун үйүндө жашап, кийин анын кызына байкебиз үйлөндү. Аны атам таап берген. Актёрлорго эртеңки сценарийди бир күн мурун гана берчү. Орозкулдун ролунда атам Момун чалды ура албай аябай кыйналган. Режиссёр он чакты жолу сууну кечтирди. Эң акырында эптеп катуу уруп жибергенде Асанкул Куттубаев "айбан экенсиң" деген. Ал сөздү угуп атам аябай жаман болуп кетти. Үйгө келгенде бир кызыктай болуп жүрдү. Көрсө ошол күнү Куттубаевдин туулган күнү экен. Анан куттуктаганы барышып, атам кечирим сураганда "мейли эми, кино үчүн кечирдим" деп айткан. Мунун өзү Шамшиевдин чеберчилиги. Күмүшалиева баштаган актёрлорго режиссёр кандай аткаруу керектигин көрсөтүп берип жатты. Атабыздын актёр катары талантын Шамшиев ачкан.
— Атаңардын атын пайдаланган же жоопкерчиликти сезген учур болду беле?
А.О.: — 16 жашка чыкканда паспорт алдым, ошондо атам паспортту тапшырып жатып, "мына балам, паспорт алдың. Эми мени уят кылба" деп айткан. Ошону менен жакшы эле жүрдүм окшойт (күлүп). Атам менен көчөдө баратканда беш кадам сайын эле эл учураша берчү. МАИ кызматкерлери учурашуу үчүн атайын токтотчу. Баарына убакыт бөлүп, эч кимдин көңүлүн кыйчу эмес.
Д.К.: — Кутманалиева болгондуктан уят кылбаганга абдан эле аракет кылдым. Балдарынын баары ар кайсы багытта иштеп жүрөбүз. Баарыбызда атабыздын бирден мүнөзү, сапаты бар. Сокулук районундагы маданият үйүнө ысымы берилген. Атабыздын 80 жылдыгында бир китеп жазганбыз, эми дагы бир китебин даярдап жатабыз. Атабыз менен сыймыктанабыз, таазим этебиз.
А.О.: — "Атаңды көргөн өлбөсүн" дегендей, атабызды көрүп, сүйлөшүп калгандар аман болсун. Өзү жок болсо да элеси жараткан фильмдерде калды.