Путин НАТО аскердик кагылышууну баштаса Россия даяр экенин билдирди

Россия лидери өлкө ар кандай сценарийлерге дайым даярдыгын, бирок аны эч ким каалабай турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Биз Россия менен НАТОнун кагылышын каалабайбыз. Бирок кимдир бирөө муну кааласа Россия ага даяр. Бул тууралуу президент Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал "Россия – Африка" экинчи саммитинин экономикалык жана гуманитардык форумунун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөргөн.
"Биз ар кандай сценарийлерге дайым даярбыз. Бирок аны эч ким каалабайт. Америка тараптын демилгеси боюнча өз кезегинде ушундай жаңжалдарды болтурбоо үчүн атайын механизм түзгөнбүз. Биздин тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилери бири-бири менен түздөн-түз сүйлөшүп, бардык кризистик кырдаалдар боюнча консультация алууга мүмкүнчүлүктөрү бар", — деди Путин маалымат жыйынында.
Ошондой эле Россия лидери мындай аракеттер эч ким эч кандай кагылышууну каалабай турганынан кабар берерин белгиледи. "Эгер кимдир бирөө каалап жатса — ал биз эмес, бирок биз андай нерсеге да даярбыз", — деп жыйынтыктады Путин.
Путин Украина менен НАТО Россия менен сүйлөшүүдөн баш тартканын эскертти