Бүгүн Бишкекте Аскер-деңиз флотунун ардагерлерине арналган эстелик ачылат

Иш-чара Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бүгүн Аскер-деңиз флотунун күнүнө карата Бишкекте салтанаттуу иш-чара болорун Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 10:00дө Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы паркта деңиз флотунун аскерлерине арналган эстеликтин салтанаттуу ачылышы өтөт. Айкелди тургузууну Кыргызстандын Аскер-деңиз флотунун ардагерлер кеңеши демилгелеген.
Ага өлкөдөгү Аскер-деңиз флотунун ардагерлери, алардын үй-бүлө, жакындары жана бардык каалоочулар катышса болот.
"Катышуучулар деңиз флотунда кызмат өтөгөн жакын адамынын сүрөтүн ала келип, бул тутумдагы аскерлерге тилектештигин көрсөтүп, ардагерлер менен таанышып кетсе болот", — деп айтылат маалыматта.
Россиянын Санкт-Петербург шаарында 30-июлда буга байланыштуу жүрүш уюштурулат. Аскер-деңиз флотунун күнү жыл сайын июлдун соңку жекшембисинде белгиленет.
Кыргызстанда аскердик кызмат өтөөнүн жана келишимдин мөөнөтү узартылды