Көөнө Сөз

Манасчы "мурут" деген сөздүн дагы бир маанисин айтып берди

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
"Мурут" деген сөздүн башка дагы мааниси бар. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, аны көпчүлүк билбейт жана колдонбойт.
"Адатта "мурут" дегенде эриндин үстүндө өскөн кылдарды түшүнөбүз. Бирок "Манас" эпосунан бул сөз башка дагы мааниде колдонулганын билүүгө болот. Мисалы, анын дагы бир мааниси издөөчү, изденүүчү, окуучу, үйрөнчүк, шакирт дегенди билдирет. Бул жагдайдан алганда, учурда кыргыздар өз тилин толук кандуу биле элек деген ойго кептелесиң", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал элге "тилди, Манасты туу тутуп биригели" деген чакырыкты таштады.