Радио

Кайсы азыктар витаминге бай? Адистин жообу

№3 Үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгери Айгүл Муратова бир эле тамакта бир канча витамин болбой турганын айтты.
Sputnik
Адамдар дени сак болуп, эч жери оорубаган учурда да ченеми менен витамин алып турушу керек. Бул тууралуу Айгүл Муратова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, витаминге эң бай азык — бул уйдун боору.
"Ар бир витаминдин өзүнүн аткарган функциясы бар. А витамини көрүүгө жардам берсе, В витамини нерв системасынын иштөөсүнө салым кошот. Бир эле азыкта бир канча витамин болбойт. Ошондуктан түрлөп, аз ченемде бат-баттан тамактанып туруу маанилүү. Витаминге эң бай азык — уйдун боору. Ар бирибиз балык, балыктын майын, ашкабак, сабиз, сүт азыктарын жана жумуртка жеп турсак витамин жетишсиздигин алдын ала алган болобуз. Өсүмдүк майларын, жер-жемиштерди сөзсүз тамактануу рационуна кошуу зарыл. Организмде витамин жетишсиз болгондо иммунитет түшөт. Адамдын абалы жакшы болуп, оорубай жүрсө деле витамин алып турушу шарт", — деди дарыгер.
Ал ооруганда, сакайганда жана спорт менен машыгып жатканда организмге витамин көп керектеле турганын кошумчалады.