Августта ысыктын илеби кайтабы? Айдын алгачкы аптасына карата аба ырайы

Бул жумада дагы күндүн табы 39 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, борбор калаада кийинки жекшембиге чейин жаан жаабайт. Күндүн табы 39 градуска чейин көтөрүлөт.

Чүй облусу

Тоолуу аймактарда 31-июлдан 1-августка чейин өткүн өтөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 6-августта күн ачык болот.

Талас облусу

31-июлда тоолуу жерлерде өткүн өтөт, бирок дыйканчылык аймактарда асман ачык бойдон турат. Андан кийин апта аягына чейин жамгыр жаабайт.

Ош, Жалал-Абад облустары

Бул жумада жамгыр жаабай күн ачык болот, тоолуу аймактарда гана өткүн өтүшү ыктымал. Абанын температурасы 39 градуска чейин жетет.

Баткен облусу

31-июлда тоолуу райондордо өткүн өтөт. Ошол бойдон 6-августка дейре облустун бардык аймагында күн чайыттай ачык болот.

Ысык-Көл облусу

31-июлдан 2-августка чейин айрым жерлерде, 3-5-август күндөрү тоолуу аймактарда өткүн өтүп басылат. 6-августта да кээ бир райондордо өткүн өтөт. Күн 36 градуска чейин ысыйт.

Нарын облусу

Бул аптада Теңир-Тоодо күн ачык болот, айрым жерлерде гана өткүн өтүп токтойт.
Жергиликтүү бийлик органдарына канча кызматкер жетишпейт? Инфографика