Радио

Сыдыкулова: Байтик айыл аймагында 215 үй-бүлө социалдык паспорт алган

Байтик айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Наргиза Сыдыкулова аталган аймакта 215 үй-бүлөгө электрондук социалдык паспорт берилгенин айтты.
Sputnik
Социалдык паспорт — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо-шартын көрсөтүп турган база. Электрондук социалдык паспорт пайда болгондон бери мамлекет берген гуманитардык жардамды таратуу да абдан жеӊил болуп калды. Бул тууралуу Наргиза Сыдыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, база үй-бүлөнүн жалпы социалдык абалын так көрсөтүп берет.
"2021-жылга чейин социалдык паспорттор колго толтурулчу. Арыз ээси келип ар бир пунктуну жазууга 30-40 мүнөт сарпталчу. Социалдык паспорттор электрондук версияга өткөндөн кийин жумушта бир топ жеӊилдиктер түзүлдү. Электрондук социалдык паспорт пайда болгондон бери аталган документти алуу адилеттүү жүрүп жатат. Жыйынтыгында аз камсыз болгондор статусундагы үй-бүлөлөрдүн саны азайды. Себеби колго толтурганда жаран үй-бүлөнүн жашоо-шартын ачык көрсөтпөй койгон учурлар болгон. Ал эми база бизге үй-бүлөнүн жалпы социалдык абалын так көрсөтүп берүүдө. Орто деңгээлде жашаган адамдардын арасында "кошунам социалдык паспорт ачып, өкмөттөн жардам алып жатат, мен дагы алам" дегендер болгон. Учурда Байтик айыл аймагында 215 үй-бүлөгө социалдык паспорт берилди", — деди Сыдыкулова.
Ал системанын толук иштеши үчүн айыл өкмөттүн кызматкерлери окуудан өткөнүн кошумчалады.