“Психолог менен баарлашуу” рубрикасына коомдогу материалдык, моралдык жактан бөлүнүү, басынтууга нааразы болгон аял кат жазыптыр.
Саламатсыздарбы! Мен 40 жаштамын. Шаарда турабыз. Балдарым бар, жолдошум иштейт. Курсагыбыз ток болгону менен материалдык абалыбыз бир аз жакшы эмес. Өзүбүздүн үйүбүз жок. Беш баладан артпай калууда. Эми үй-жай болор, башкысы балдардын жана өзүбүздүн саламаттыгыбыз” деп каниет кылганыбыз менен коом деген башка экен. Коом эмес туугандар да материалдык мүмкүнчүлүгүңө карап мамиле жасашат. Ал адамды бөлүү, басынтуу. Жашоо мыйзамы ошондой түзүлгөн окшойт деп ойлоп калам. Мына мен иштеген мектепте деле жакшы окуган окуучуларга өзгөчө мамиле жасап, начар окуганын же тентегин көзгө чыккан тирсектей карайбыз. Ата-энелер да керек болсо балдарын бөлөт. Мамлекет деле ошондой саясат жүргүзөт. Маданият кызматкерлеринин арасында деле айрымдарына атак, наам берип коёт. Адамдын психологиясы түздөн-түз өз жеке жөндөмүн, эс алуунун баарын жыйыштырып сыйлык, атак үчүн курмандыкка айланат. Анткени коом менен мамлекет наамы барына башкача, жогуна башкача мамиле жасап жатпайбы. Мунун баарын токтотуп, баарына бирдей мамиле жасоочу деңгээлге жетсек деп кыялданам. Кесиптештер арасында деле ошол директор, завучтун тилин тапкандардын иши бат бүтүп, жолдуу келет. Ушунун баарынан тажадым. Биз беш абысынбыз. Менин жолдошум — үйдүн ортончусу. Калган абысындарымдын үйү бар. Бир-экөө бизнес жасаса, үчүнчүсүнүн күйөөсү кызматта. Эң кичүүбүз мал-жандуу. Анан дайыма бир жакка барганда аларга кийим, алтын жагынан тең келбешим айдан ачык. Албетте, бул мен үчүн көйгөй эмес. Аны алганда деле баары өзгөрүп кетпесин түшүнөм. Бирок ушундай майда нерселерге да элдин маани бергени, ошол темир-тезекке карап да бөлүп мамиле жасаганы ызалантат. Кээде чогулуп шаардагы үч абысыным бир жерге барып калат. “Бир ирет андай кымбат жерге сизди бара албайт го” деп чалбадык дегенден кийин өзүм да барбай калдым. Эми анча-мынча тоюна да чакырбайт. Мейли, бирок балдарга карап да бөлгөнүнө ачуум келет. Ушундан улам өзүмдөгү психологиялык абалды түшүнүү максатында сиздерге кат жазып жаттым эле. Мен алардын бул кылыгына, коомдогу туура эмес ушундай акмакчылык адатка ашыкча көңүл буруп алган жокмунбу? Бул мени эмне мынча ызалантат?
Психолог Гүлнара Жасоолова: Адам баласы жашоодо көбүнесе материалдык жагына көңүл бурса, ошону менен эле чектелип калат. Адамдын материалдык байлыгына басым жасабай, өз ара мамиле түзсө деп жатасыз. Мунун баарын аңдап, анализдеш үчүн психологиялык жактан түшүнүп, баары эле материалдык жагынан эмес экенине ишенип, ишенимдүү алып жүрүшү керек. Сиздин кандай үй-бүлөдө чоңойгонуңуз да маанилүү. Материалдык жактан басмырланып чоңойсоңуз, аң-сезимиңизде “бизди басынтып жатат” деген ой жашай берет. Балдарды да бөлөрүн айтып жатасыз. Андай болбойт. Эгер балаңыз ушуну угуп чоңойсо өзүнөн-өзү басмырлана берет. Мамлекеттик системада да бөлүнүү дедиңиз. Эч бир адамды басмырлап кабыл албоо керек. Адамдар ар түрдүү жана ар кимисинин өзгөчөлүгү бар. Өзүн басмырлай берген адам башкалардын ийгилигин аңдып, ошолор менен эле жашап калат. Адамдын өзүнүн максаты болушу зарыл. Жашоону материалдык жак менен гана чектесеңиз, ошону менен бүтөт. Жан дүйнөңүздү кеңейтиңиз. Сиз жакшынакай жубайсыз, энесиз, мугалимсиз, балдарга тарбия бересиз, билимиңиз бар, мээримдүүсүз. Ушундай жакшы сапаттарыңызды билип, өзүңүздү өнүктүрүү менен иштеп, бала чактагы травмаларды жоюу үчүн аракет кылып, ошону колго алыңыз. Катачылыктарды жойгонго умтулсаңыз, башкача көз караш менен жашап каласыз.