Елена Калашникованы 12 млн. сом төлөтүп, үй камагына чыгарышты

Алардын үй камагында 22-августка чейин, иликтөө бүтмөйүн отурары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik.Туризмди колдоо фондунун мурдагы жетекчиси Елена Калашникова 12 млн. сом төлөгөнү үчүн үй камагына чыгарылганын Биринчи май райондук сотунан кабарлады.

“Райондук сот Калашниковадан 12 миллион сом өлчөмүндөгү материалдык зыяндын ордун толтурганын сунуштаган УКМКнын Мамлекеттик тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырды. Андан сырткары, фонддун экс-вице-президенти Александр Валитов 1,5 миллион сом төлөдү”, — деп айтылган маалыматта.

Алардын үй камагында 22-августка чейин, иликтөө бүтмөйүн отурарын айтышты.
Калашникованы 18-майда кармашкан. Анда УКМКдан фондго бюджеттен уставдык капиталына 1 миллиард сом бөлүнгөн, бирок каражат максатсыз пайдаланылган деп айтышкан.
"Туристтер үчүн 21 эс алуу жайы (Rest Point) курулушу керек болчу, буга 105 миллион сом бөлүнүп, бир дагы эс алуу жайы ишке берилген эмес. Мындан тышкары, чет элдик компаниялар менен бир катар келишимдер түзүлүп, эскиздерди эле даярдоого 715 миң евро жумшалган. Буга катар фонд бизнес-планын көрсөтпөгөн компанияларга акча бөлгөн, буга 65 миллион сом корогон", — деп айткан атайын кызматтан.
Равшан Жээнбековдун аялы 1,4 млрд. сомго жерди берип жиберген деп шектелүүдө