Радио

Чүй театрынын директору: эми өзгөчөлөнгөн чыгармаларды тартуулайбыз

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын директору Жумакадыр Курмангалиев Чүй театры алгачкы ирет мюзикл жанрында спектакль коёрун айтты.
Sputnik
Чүй облустук театрынын атайын эсебин 10 миллион сомго жеткирүүнү карап жатабыз. Репертуарды жаңыртып, адатка айланган чечимдерден оолактап, өзгөчөлөгөн чыгарма тартуулайбыз. Бул тууралуу Жумакадыр Курмангалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, облустук театрдын жаңы имараттуу болушу алдыдагы пландарын ишке ашырууга, күйөрмандарын көбөйтүүгө шарт түзүлөт.
"Октябрь" кинотеатрынын имараты Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрына өткөрүлүп берилди. Бул маселе көптөн бери чечилбей, театр жамааты ар кайсы жерде спектакль коюп келишкен. Эми жаңы имарат оңдоп-түзөөдөн өтүп, бардык даярдыктар жүрөт. Чүй облустук театрынын атайын эсебин 10 миллион сомго жеткирүүнү карап жатабыз. Репертуарды жаңыртып, адатка айланган чечимдерден оолактап, өзгөчөлөгөн чыгарма тартуулайбыз. Мисалы, алгачкы ирет мюзикл жанрында спектакль коёлу деген кыялыбыз бар. Учурда жардамдаша турган бардык тараптар менен сүйлөшүп жатабыз", — деди Курмангалиев.
Ошондой эле адис мекеме музыкалык драма жана сатира театры болуп өзгөрүп, куудулдар да ишке чакырыларын кошумчалады.