Бишкектеги спорт мектебине машыгуу залы курулат. Конкурстук баасы 42,3 млн. сом

Залды курууга кызыкдар тараптар 14-августка чейин табыштама жөнөтүшү шарт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкектеги Оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебине спорт зал куруу үчүн конкурс жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталынан көрүүгө болот.
Долбоордун сметалык баасы 42 миллион 311 миң сомду түзөт. Аталган спорт залды курууга кызыкдар тараптар 14-августка чейин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгына табыштама жөнөтүшү шарт. Жумушту аткаруу мөөнөтү жазылган эмес, ал келишим боюнча түзүлөрү белгиленген.
Конкурстан уткан компанияга залдын фундаментинен баштап ачкычын тапшырганга чейинки иштердин баарын бүткөрүү талабы коюлат.
Ала-Букадагы "Шах-Фазиль" мавзолейине 28 млн. сомго музей курулат. Эскиз