Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын Таганрогду аткылоосу боюнча АКШ үн катты

АКШ Россиянын аймагына сокку ургандарга көмөк көрсөтпөй турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. АКШ Россиянын аймагына сокку урууну колдобойт жана ага көмөктөшпөйт. Бул тууралуу Ак үйдүн өкүлү Украинанын Таганрог шаарын аткылоосу боюнча пикирин билдирип жатканда айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
"Биз Россиянын аймагына кол салууну колдобойбуз жана ага көмөк көрсөтпөйбүз", — деген Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыштар боюнча координатору Жон Кирби.
Кирби ага берилген “Таганрогду ракета менен аткылоо күчөтүлгөн контрчабуулдун бир бөлүгү деп эсептелинеби?” деген суроону украиналыктарга узаткан.
Эске салсак, 28-июлда киевдик режим Таганрогдогу калк жашаган аймакты абадан коргонуучу С-200 топтомундагы ракета менен аткылап, кезектеги террордук чабуулун жасаган. Россиянын абадан коргонуу системасы Украинанын ракетасын өз учурунда токтотуп, анын сыныктары шаардын аймагына түшкөн. Чабуулдун кесепетинен бир нече имараттар талкаланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, айнектердин сыныгынан бир нече адам жабыркаган. Мындан тышкары, террордук чабуул Москва облусуна да жасалып, Россиянын абадан коргонуу күчтөрү учкучсуз аппаратты токтоткон. Маалыматта каза болгондор жана кыйроолор жок экени айтылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: АКШ Украинага Abrams танкаларын сентябрда берүүгө ниеттенип жатат