30-июлга карата аба ырайы

30-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Жекшембиде күндүз аба ырайы өзгөрүп турат, тоолуу райондордо өткүн өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +33…+38,Таласта +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +34…+39, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +25…+30 градуска чыгат.
Аптап өзүнүн күчүн көрсөтүп, Бишкекте +35…+37, Ош калаасында +37…+39, Чолпон-Атада +27…+29 градус болот.
Эгиз төрөйм деп кыялданбагыла. Гинекологдун кеңеши