БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Жеңиш чокусуна 23 куткаруучудан турган топ дайынсыз болуп жаткан төрт альпинистти издөө үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, үч россиялык жана Литванын бир жараны туристтик фирма менен келишим түзүп, классикалык маршрут менен эмес, оор (Абалаков) жолго түшүп кетишкен. Алар 19-июль күнү 6900 метр бийиктикти багындырганда байланышка чыгышкан. Ал эми 24-июлда спутник байланышы аркылуу туристтерге жардам керектигин билдирген координат келип түшкөн. 24-26-июль күндөрү турфирманын өкүлдөрү ижарага алган тик учак менен издөө ишин жүргүзүп, бирок жыйынтык чыккан эмес.
ӨКМдин куткаруучулары чокуга чыгууда кар көчкү түшүү коркунучун жана башка кооптуу шарттарды эске алып, эрежелерди тыкыр сактоо менен издөө ишин жүргүзүүдө.
Жеңиш чокусу — Кыргызстандагы (7439 метр) эң бийик чоку.