Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина аскерлери Таганрогду модификацияланган С-200 ракетасы менен аткылады

Ракетаны Россиянын абадагы кол салуудан коргоочу системасы менен атып түшүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Украиналык куралдуу күчтөр Таганрогду модификацияланган С-200 ракетасы менен аткылаганын РФтин Коргоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.

"Киев режими кайрадан жаңыланып, куралданган зениттик ПВО С-200 менен Ростов облусундагы Таганрог шаарынын инфраструктурасына террордук чабуул жасады", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн эртең менен Ростов облусунун губернатору Василий Голубев Таганрогдогу "Чехов сад" кафесинин жанында ракета жарылгандыгы боюнча билдирген. Жарылуунун очогу көркөм өнөр музейдин аймагына түшүп, бактыга жараша, каза болгондор катталган эмес. Ага жакын турган автоунааларга, көп кабаттуу үйлөргө зыяны тийип, коңшу жайгашкан имараттардын терезелери талкаланган.
Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жардыруунун кесепетинен 14 киши жабыркап, анын жетөө ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк Коргоо министрлиги киевдик режим С-200 абадан коргонуу топтомундагы ракета менен кайрадан террордук чабуул жасоого аракет кылганын билдирди.
"Россиянын абадан коргонуу каражаттары Украинанын ракетасын Ростов облусунун Азов шаарынан тосту. Украинанын ракетасынын сыныктары калк жок аймакка түштү", — деп жазылат маалыматта.
Украинанын атайын кызматы Кара деңиз флотунда теракт жасоого аракет кылган