С. Жапаров бокс боюнча дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээсине батир тартуулады

Спортчу Мунарбек Сейитбек уулу эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бокс боюнча дүйнө чемпионатында медаль тагынган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ош облусунда боксчу Мунарбек Сейитбек уулу менен жолукканын президенттик администрациядан маалымдады.
Жолугушууда Жапаров спортчунун жетишкендиги ар бир кыргызстандык үчүн чоң сыймык болгонун белгилеген.
1 / 2

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ош облусунда боксчу Мунарбек Сейитбек уулу менен жолукканын президенттик администрациядан маалымдады

2 / 2

Жолугушууда Жапаров спортчунун жетишкендиги ар бир кыргызстандык үчүн чоң сыймык болгонун белгилеген

"Сен көз карандысыз Кыргызстандын соңку жаңы тарыхына бокс боюнча дүйнө чемпионатынын байгесинин ээси катары биринчи болуп кирдиң. Өзүң билгендей, 1986-жылы көрүнүктүү мушкерибиз Орзубек Назаров коло медалдын ээси болсо, 1989-жылы Андрей Курнявка дүйнө чемпиондугуна татыган. Ал эми 1991-жылы күмүш медалга жетишкен. Сен жана сенин машыктыруучуларыңдын Советтер Союзу маалында атагы чыккан кыргыз бокс мектебинин кайра жандануусун дүйнөгө көрсөткөндүгү абдан маанилүү", — деген Садыр Жапаров.
Президент эми боксту жакшы билген ар бир кыргызстандык Мунарбек Сейитбек уулунун ийгиликтерине кубанып, эл аралык жана дүйнөлүк турнирлерде анын мындан аркы жеңиштерине ишенерине токтолгон.
"Жаш мушкерлердин келечекте медалга жетишсе болот деген ишенимин бекемдедиң. Сенин жеңишиң сага атак-даңк алып келди, бирок аны менен бирге мекен алдында чоң жоопкерчиликти жүктөдү. Азыр атың көптөгөн жаш мушкерлерге үлгү болуп калды. Сен аларга өрнөк жана стимул болушуң керек. Ошондуктан катуу машыгууну улантып, андан да ири ийгиликтерге жет", — деген президент Мунарбекке Ош шаарындагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу 1996-жылы Ош шаарында туулган. Ал сегиз жашынан баштап бокс менен машыгат. Ал ушул жылдын 1-14-май күндөрү Ташкент шаарында өткөн бокс боюнча дүйнөлүк биринчиликте коло медаль уткан.
Бивол тарых жараткан боксчу Сейитбек уулун дасторкон үстүндө сыйлады. Видео